Өкмөттө бүгүн, 13-ноябрда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан айыл чарбасын колдоо боюнча жыйын өттү. Премьер-министр Темир Сариев аталган фонддон насыяларды калыс бөлүштүрүү маанилүү экенин белгилеп: "Бул насыяларга суроо-талап абдан чоң, бирок калк арасында жетиштүү деңгээлде түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй жатат. Бул кемчиликтерди эске алуу менен айыл чарба тармагын колдоого арналган насыяны тездетүү боюнча ишти күчөтүү керек",- деди.
Премьер-министр насыяны берүүчү банктардын жетекчилери айыл чарба тармагын колдоо жана кардарларга сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча башкаларга үлгү болушу керектигин билдирди. "Банктар насыя берүү жаатындагы ишти жакшыртып, ар бир кызыкдар тарап силерден бардык суроолоруна кыска мөөнөттүн ичинде жооп алышы зарыл",- деди өкмөт башчы.