Премьер-министр Ева Копач баштаган Польшанын өкмөтү отставкага кетти. Мындай чечим 25-октябрдагы парламенттик шайлоодо өкмөт башчынын "Атуулдук платформа" партиясынын утулуп калышына байланыштуу кабыл алынганын чет элдик маалымат булактары жазышты. Польшанын президенти Анжей Дуда буга чейин премьер-министр Копач менен жолугушуп, андан соң өкмөттүн отставкасы тууралуу чечимге кол коюлган. Эскерте кетсек, учурда Польша парламентинде Ярослав Качинскийдин "Мыйзам жана адилеттүүлүк" партиясы көпчүлүк добушка ээ. Парламенттик шайлоодо аталган партия шайлоочулардын 37,6 пайыз добушун алуу менен 138 мандатка ээ болгон.