Орусия Иранга 7 миллиард доллар карыз берүүгө даяр. "Бүгүнкү күндө мамлекеттик багытта 5 миллиард доллар өлчөмүндө насыя берүү боюнча макулдашылды. Мындан тышкары дагы 2 миллиард доллар бөлүп берүү күтүлүүдө",- деп айтылат чет элдик ММКлар Орусия-Иран Эл аралык комиссиясына шилтеме берүү менен жарыялаган маалыматта.
Октябрда Орусиянын энергетика министри Александр Новак ММКларга Иран инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 5 миллиард доллар өлчөмүндө насыя алуу тууралуу кайрылуу жибергенин айткан. Министрдин айтымында, Орусия менен Ирандын кызматташуу багыты электр энергиясы жана темир жол транспорту тармагына басым жасайт.