Салык кызматы жана Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюшту

Мамлекеттик салык кызматы менен Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы өз ара кызматташуу жана биргелешип иштөө жөнүндөгү макулдашууга кол коюшту. Мындай маалыматты бүгүн, 13-ноябрда аталган кызматтан кабарлашты.
Маалым болгондой, кол коюу аземине Салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов, ведомствонун түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери, улуттук альянстын катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев жана башкалар катышты.

"Замирбек Осмонов мамлекеттик орган менен Бизнес-ассоциациялардын ортосундагы тыгыз кызматташууга бийик баа берип, анын өтө зарылдыгын белгиледи. Кызматташуу жөнүндөгү бул макулдашуу салык саясатын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн негиздөөчү документ катары кызмат кыларына терең ишеничин билдирди.

Кызматташуунун негизинде салык маселелери боюнча тренингдер, семинарлар, тегерек столдор өткөрүлөт. Ошондой эле салык мыйзамдарында жүргүзүлө турган өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндөгү маалыматтар менен өз ара алмашуу, салык салуунун татаал маселелерин изилдөө үчүн жумушчу топторун түзүү жүргүзүлөт",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан