Премьер-министр Темир Сариев 12-ноябрда Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Сирил Муллер баштаган делегацияны кабыл алды.
Сариев 4-октябрда жаңы технологиянын негизинде ачык-айкын парламенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгын бардык саясий партиялар жана шайлоочулар тааныганын жана кыска мөөнөттө өкмөт куралып, туруктуу иштеп баштаганын билдирди.
“Өкмөт инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча экономикалык реформаларды улантууда. Учурда ишкерлерге шартты жакшыртуу боюнча чечкиндүү чаралар иштелип чыгууда жана салыктык отчёт жана төлөмдөр үч эсеге азайды. Коррупция менен чечиндүү күрөш уланууда. Бул жаатта бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги боюнча Doing Business рейтингинде 2015-жылы Кыргыз Республикасы 189 өлкөнүн ичинен 67-орунду ээледи”,- деп билдирди премьер-министр.