14-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын жаайт. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Чүй облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -1°C
Талас облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -2°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +10°C, түнкүсүн 0°C
Баткен облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн -2°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -3°C
Нарын облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -2°C
Бишкек шаары. Күндүз +10°C, түнкүсүн +3°C