16-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, карга айланат. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Чүй облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -1°C
Талас облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -2°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +9°C, түнкүсүн 0°C
Баткен облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -1°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -1°C
Нарын облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -5°C
Бишкек шаары. Күндүз +5°C, түнкүсүн -1°C