9-март күнү Бишкек шаарында волейбол боюнча мектептер арасында өткөн мелдеш соңуна чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, мелдеште 1-орунду Октябрь районунун №62-окуу тарбия комплекси, 2-орунду Свердлов районунун №5-улуттук компьютердик гимназиясы, 3-орунду Ленин районундагы №79-мектеп ээледи. Жеңүүчүлөргө шаардык спорт жана дене тарбия комитети тарабынан диплом, медалдар тапшырылды.