"Жакынкы жылдары каржылык жана экономикалык көз карандысыздыкты камсыздообуз керек". Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 13-ноябрда өкмөт жыйынында билдирди.
"Парламент өкмөткө ишеним көрсөтүп, курамды бекитип берди. Бул "өкмөт кынтыксыз иштеп, ишинде эч кандай кемчилик жок" дегенди билдирбейт. Учурдагы абалды жана өкмөттүн жөнөкөй эмес кырдаалда иштеп баштаганын эске алуу менен бизге көрсөтүлгөн ишеним болду. Азыр дүйнөлүк экономикалык кризистин таасири көпчүлүк өлкөлөргө сезилип жатат. Алдыбызда өтө көп чакырык турат. Ушундай кырдаалды эске алуу менен Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында президент өкмөттүн алдына жакынкы жылдары каржылык жана экономикалык көз карандысыздыкка жетишүү боюнча тапшырма койду",- деди Сариев.
Премьер-министр өкмөт алдыдагы жылдарда ыкчам иштеши керектигин билдирди.