* Мындан 39 жыл мурун, 1976-жылы кикбоксчу Руслан Абасов Токмок шаарында төрөлгөн.
Ал Токмок технологиялык институтунун экономика бөлүмүн бүтүргөн. 1994-жылы “Гермес-профи” клубунун машыктыруучусу Александр Воинов менен таанышып, ошол жылы “Гермес-профиге” Малик Борбашевдин чакыруусу менен келген. Бул клуб аркылуу ал профессионалдык деңгээлге өсүп, эл аралык мелдештерде жыйынтык көрсөтө баштаган.
Руслан Абасов профессионал кикбоксчу чыкчу бийиктиктердин баарын багындырган. Гермес лакап атына ээ болгон соң, ал 3 жолу Дүйнө чемпиондугун (1999, 2003, 2005-жылдары), 3 ирет Европа чемпиондугун (1998, 2000, 2005-жылдары) уткан. “Барс” версиясы боюнча КМШ, Евразия, Европа жана Дүйнөнүн чемпиондук курларынын ээси болгон. Ал 2009-жылы Москвада өткөн профессионалдар арасында супер оор салмакта Дүйнө чемпионун уткан. Бул мелдештен кийин эч кандай олуттуу билдирүү жасабай эле рингди таштап, бизнес менен алектене баштаган. 2011-жылы спортчу Ысык-Көл облусунун губернаторунун экология жана спорт иштери боюнча кеңешчиси болгон.
Кикбоксчу Руслан Абасов 2014-жылы 27-мартта унаасын жардыруудан улам каза тапкан. Окуя Токмок шаарында саат 18:00 чамасында болуп, спортчу ооруканага жетпей көз жумган.
* Мындан 12 жыл мурун, 2003-жылы Эл аралык ЮНЕСКО уюму дүйнөдөгү кайталангыс 28 өнөрдү аныктап, алардын арасына кыргыздын төкмөчүлүк өнөрүн да кошкон. Мындай чечим ЮНЕСКО Экинчи эл аралык калыстар тобунун Париждеги жыйынында кабыл алынган.
* Мындан 33 жыл мурун, 1982-жылы Москвада, Кызыл аянтта Леонид Брежнев менен коштошуу салтанаты болуп өткөн. Леонид Ильич Брежнев 1982-жылы 10-ноябрда 75 жаш курагында каза тапкан. Советтик жол башчыларды акыркы сапарга узатууда табыттын артынан медаль, ордендерин баркыт жаздыкчаларга коюп көтөрүп өтүү салт болгон. Башкача айтканда, бир офицер бир сыйлыкты көтөрүп өтчү. Брежневде андай сыйлыктардын саны 200дөн ашкандыктан, бир жаздыкчага бир нече сыйлыктарды жайгаштыруу каралган. Ошентип, офицерлердин саны 44кө чейин кыскарган. “Брежневдин табытын мүрзөгө түшүрүүдө таштап жиберишкен. Бул телевидениеден түз берүүдө да билинген” дешкен. Муну атайын жасашканбы же кокустукпу, бул ачылбаган бойдон калган.
* Мындан 19 жыл мурун, 1996-жылы поп-музыканын падышасы Майкл Жексон медайым Деби Роуга үйлөнгөн. Бул никесинен ырчы 1 уул, 1 кыздуу болгондон кийин 1999-жылы Дебби Роу менен ажырашып кеткен.
15-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.