Жылнаама, 16-ноябрь: Мындан 38 жыл мурун “Ак жол” партиясынан IV чакырылыштагы ЖКнын депутаты Санжар Кадыралиев туулган

* Мындан 82 жыл мурун, 1933-жылы кыргызстандык учкучтар Фрунзе-Каракол аба байланышын ишке киргизишкен. Учкуч Иеске менен Макеев биргелешип жаңы У-2 учагы менен жүргүнчүлөрдү ташып башташкан. Учуу убактысы 5 саат 10 мүнөттү түзүп, алар Токмок, Балыкчы жана Сазановка аралыгында токтошкон.

* Мындан 38 жыл мурун, 1977-жылы “Ак жол” партиясынан IV чакырылыштагы ЖКнын депутаты Санжар Кадыралиев Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган. 2000-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин экономика факультетин аяктап, 2003-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин бүтүргөн. 2002-2006-жылдары КРнын Панкратион федерациясынын вице-президенти болуп турган. 2007-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, 2009-жылы 14-апрелде Бишкекте өз үйүнүн жанынан атылып өлтүрүлгөн.

* Мындан 70 жыл мурун, 1945-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун илим, билим жана маданият боюнча адистештирилген мекемеси - ЮНЕСКО (UNESCO — United Nations Educational, Scientific and Cultural Organization) түзүлгөн. Штаб-квартирасы Францияда жайгашкан бул уюмдун аткаруучу кеңеши 58 өлкөнүн өкүлдөрүнөн турат.

* Мындан 57 жыл мурун, 1958-жылы советтик жана орусиялык ырчы, Орусиянын Эл артисти, Украинанын Эл артисти Александр Малинин Орусиянын Свердловск шаарында туулган. Александр Малининге атактуулук 30 жаштан кийин келген. Ал 1988-жылы "Юрмала-88" сынагында "Коррида", "Любовь и разлука", "Осторожно, двери закрываются" ырларын ырдап баш байгени жеңип алып, ушундан кийин эл оозуна алынган.

16-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан