Өкмөттө 2015-жылга мамлекеттик органдардын иш пландарынын аткарылышынын жыйынтыгы талкууланды

13-ноябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңейтилген жыйынында 2015-жылга мамлекеттик органдардын иш пландарын аткаруунун жыйынтыгы талкууланды. Мамлекеттик органдардын 11 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы тууралуу тармакты көзөмөлдөгөн вице-премьер-министрлер маалымат беришти. Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин маалыматы боюнча, өлкөдөгү айыл чарба, курулуш, айлана-чөйрөнү коргоо, транспорт жана коммуникация, байланыш тармагы боюнча 231 иш-чара пландалып, калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча бир катар иштер аткарылды. Анын ичинде жыл башында 54 социалдык объектти куруу пландаштырылса, 10 ичинде анын саны 91ге жеткирилген. Алардын ичинен 71 билим берүү мекемеси курулууда.

Биринчи вице-премьер-министр Айыл чарба жана мелорация министрлигинин пландалган 63 иш-чарасынын 37и аткарылып, аткаруу 41,3 пайызды түзгөнүн билдирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги пландалган 31 иш-чаранын 24үн аткарган.

Аталган министрликтердин иши боюнча премьер-министр Темир Сариев өз пикирин билдирип, пландалган иш-чараларды аткаруу боюнча ишти жакшыртууга чакырды. Ошондой эле өкмөт алдындагы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишиндеги бир катар кемчиликтер белгиленди.

Экономика жана реалдуу тармак боюнча вице-премьер-министр Олег Панкратов маалымат берип, бул жаатта Мамлекеттик салык жана Бажы кызматтары белгиленген планды өз убагында аткарып жатканын билдирди. Ал эми өкмөт алдындагы Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик жана Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат планды аткарууда бир катар кемчиликтерге жол берген. Буга байланыштуу премьер-министр Темир Сариев аталган органдардын жетекчилерине эскертүү берди.

Cоциалдык тармакта премьер-министр Темир Сариев Саламаттыкты сактоо министрлиги пландалган иш-чаралардын 46 пайызын аткарбаганын сынга алды. “Бул тармакта эң маанилүү жана керектүү делген
иш-чаралар өз убагында аткарылган эмес. Өкмөт мындайга жол бербеши зарыл, ошондуктан жыл аягына чейин белгиленген планды аткаруу керек”,- деди Темир Сариев.

Өкмөт башчы Ички иштер министрлиги “Коопсуз шаар” долбоорун жана Жол-кайгуул кызматын реформалоону кечеңдетип жатканын белгилеп, аны тездетүү зарылдыгын билдирди.

Премьер-министр Темир Сариевдин маалыматы боюнча, өкмөт быйылкы жылга 746 иш-чараны аткарууну пландаган. Азыркы мезгилге чейин 546 иш аткарылып, 74ү аткарылуу үстүндө. Ал эми 126 иш өз мөөнөтүндө аткарылбай калган. Буга байланыштуу Темир Сариев жыл аягына чейин пландалган иштердин баарын аткарууну тездетүү керектигин айтты.

“Белгиленген иш-чараларды жыл аягына чейин аткарууга бардык аракет жумшалышы зарыл. Бул жаатта вице-премьер-министрлер өздөрү жооп берген тармактары боюнча көзөмөлдү күчөтүүлөрү керек”,- деди Темир Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан