Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 13-ноябрдагы өкмөттүн кеңейтилген жыйынында "дыйкандардын эмгегинин акыбети кайтыш үчүн өкмөт бардык чараларды көрөт" деп билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Премьер-министр учурда актуалдуу маселелердин бири болуп Талас облусундагы төө буурчактын баасы эсептелерин белгилеп, аны ыкчам чечүү милдети турганын айтты.
Темир Сариев бул маселе боюнча ушул апта башында Талас облусуна иш сапары менен барып, анын жүрүшүндө Кара-Буура районунда жана Талас шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүлгөнүн кабарлады.
Премьер-министр төө буурчактын баасын мамлекет же өкмөт аныктабай турганын жакшылап түшүнүү зарылдыгын белгиледи. «Төө буурчактын баасын базар, атайын биржа аныктайт. Кыргыз жеринде өстүрүлгөн төө буурчактын 80 пайызы Түркияга экспорттолгону үчүн Мерсин шаарындагы биржада аныкталат. Негизи эле быйыл төө буурчак эле эмес, башка айыл чарба продукцияларына баа арзандап жатат, бирок дыйкандардын маңдай тери менен тапкан эмгегинин акыбети кайтыш үчүн өкмөт бардык чараларды көрөт. Өкмөт эч качан дыйкандарды дал ушундай кырдаалда маселе менен өз алдынча таштап койбойт»,- деди өкмөт башчы.
Муну менен катар төө буурчактын баасын аныктоодо ортомчуларды да жөнгө салуу зарылдыгын билдирди. Бул багытта Темир Сариев төө бурчакты элге ылайыктуу баа менен алып жаткан сатып алуучуларга кысым же коркунучтар болбош үчүн ИИМге көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Талас облусунда райондук, облустук деңгээлде төө буурчак боюнча комиссиялардын түзүлүшүн токтотууну карап, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдында бирдиктүү комиссия гана түзүлүшү керектиги айтылды.