Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-ноябрда Парижде бир нече террордук актылардын натыйжасында жарандардын курман болгондугуна байланыштуу Франциянын президенти Франсуа Олландга көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
“Кыргыз Республикасы терроризмдин бардык түрлөрүн чечкиндүү түрдө айыптайт жана бул коркунучка каршы күрөшүү боюнча эл аралык коомчулуктун аракетин колдойт”,- деп белгиленет мамлекет башчынын телеграммасында.
Президент Алмазбек Атамбаев каза болгондордун туугандарына жана жакындарына кайрат айтып, жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалаган сөздөрүн жолдоду.