13-ноябрда Каржы министрлигинде "Коррупцияга каршы аң-сезимди калыптандыруу – мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик компетенттүүлүгүнүн маанилүү компоненти" деген темада тегерек стол өтү. Ага министрлик жетекчилигинин, түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчыларынын, Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, илимий жана эксперттик коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Каржы министрлигинин Окуу борборунун директору Жылдыз Нурматова иш-чаранын максаты – коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча пландардын, программалардын жана механизмдердин майнаптуулугун талкуулоо жана коррупция менен күрөшүү жаатында тажрыйба, пикир алмашуу, актуалдуу иш-чараларды пландоо экенин айтты.
Талкууда өкмөттүк аппараттын коррупцияга каршы саясат бөлүмүнүн башчысы Тилек Саякбаев коррупция менен күрөшүү механизмдерин жакшыртууда жарандык коом уюмдары менен кызматташуу маанилүү ролду ойноорун белгиледи. Анын айтымында, Кыргыз Республикасында коррупция менен күрөшүү боюнча кыйла эле сапаттуу укуктук жана теориялык база бар. Ошону менен бирге ал бул маселеде инсандын моралдык жагын өнүктүрүүнүн майнаптуулугуна көңүл буруу керектигин айтты.
Өз кезегинде жарандык коом-уюмдардын эксперттери да өздөрүнүн изилдөөлөрү тууралуу айтып беришип, талкууга алынган маселелер боюнча ой-пикирлерин ортого салышты. Алар коррупцияга каршы үгүт иштерин жүргүзүү максатында коррупцияга каршы аракеттенүү, анын алдын алуу жана аны менен күрөшүү тематикалары боюнча видеотүрмөктөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоону сунушташты. Эксперттер мамлекеттик органдарда көрүлүп жаткан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чаралар тууралуу маалыматты калктын калың катмарына жеткирүү керек деген сунуштарын да беришти.
Каржы министрлигинин Окуу борборуна министрликтин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комиссиясынын мүчөлөрүн жана кызматкерлерин коррупцияга каршы компетенттүүлүгүн калыптандыруу жана коррупциялык тобокелдик жана басым зоналарында өзүн алып жүрүү көндүмдөрүн иштеп чыгуу максатында окутуу иш-чараларын уюштуруу тапшырмасы берилди.
Тегерек столдун соңунда 10дон ашуун сунушту камтыган резолюциянын долбоору даярдалды.