"Жогорку Кеңештин Аял депутаттар форуму алгачкы жыйынын өткөрүп, анын негизги иш-милдеттери аныкталды". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева 16-ноябрда Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун полиция маселелери боюнча программасынын өкүлдөрү Раушан Болоталиева жана Шамшыбек Мамырова менен болгон жолугушууда айтканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Депутат алар менен эл аралык уюм жана Аял депутаттар форумунун аялдар маселелери боюнча биргелешип иш алып баруу жаатында пикир алышты.
Алтыбаева VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин алкагында түзүлгөн Аял депутаттар форумунун алдында турган милдеттер тууралуу учкай маалымат берди. "Биз жакында эле алгачкы жыйыныбызды өткөрүп, форумдун негизги иш-милдеттерин аныктадык. Бир катар олуттуу маселелердин ичинде үй-бүлөдө аялдарга карата жасалган зомбулукка каршы күрөшүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп калат. Бул милдетти ишке ашырууда эл аралык уюмдардын жардамы талап кылынат. Биз бул багытта биргелешип иш алып барууга кызыкдарбыз",- деди ал.
Сүйлөшүү учурунда ноябрь айынын соңунда жана декабрь айында аталган форумдун жана жергиликтүү аялдар уюмдарынын мүчөлөрүнүн катышуусунда эки облуста жогоруда аталган маселе боюнча көчмө жыйын өткөрүү чечимине келишти.