Алмазбек Атамбаев Бельгиянын падышасы Филиппти Падышалар династиясынын күнү менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-ноябрда Бельгия Падышалыгынын падышасы Филиппти улуттук майрам - Падышалар династиясынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

“Мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн ачыла элек потенциалы бар болгон кыргыз-бельгиялык мамилелердин өнүгүп жатканын белгилеп коюу жагымдуу”,- деп белгиленет мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасы өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну чыңдоого кызыкдар экенин баса белгилеп, падыша Филиппке чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Бельгиянын элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан