Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралып, жактырылды.
Мыйзам долбоорун комитеттин кароосуна өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов алып чыкты. Анын билдирүүсүнө ылайык, аракеттеги Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекс ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга толук көлөмдө таасир бере албайт, себеби бүгүнкү күндө айып пулдардын көлөмү өтө эле төмөн. Демек, мыйзам талаптарын сактоого караганда айып төлөө жеңилдик кылат. Маселен, жаныбарларды жана алардан алынган азыктарды ташуудагы ветеринардык-санитардык ченемдер бузулган учурда салынган айыптын көлөмү жарандарга 100 сом, кызмат адамдарына 500 сомду түзөт.
Мыйзам долбоору аркылуу айып пулдардын өлчөмүн 2000 сомдон 10 000 сомго чейин көтөрүү сунушталууда. Мыйзамга болгон мындай өзгөртүүлөр менен ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзам бузуу деңгээли кыйла азаят.
Талкууда депутат Жоомарт Сапарбаев "Айып пулдардын сунушталган көлөмү аздык кылбайбы?" деген суроолуу пикирин көптөгөн адамдардын өмүрүнө коркунуч келтире турган санитардык мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн сунушталган айып пулдун көлөмүн дагы жогорулатуу керектиги менен түшүндүрүп берди. Ошондой эле белгиленбеген жерде мал союу катталса, аларга дагы айып пулдарды салуу маселесин караштыруу зарылдыгы белгиленди.
Комитет төрагасы Мирлан Бакиров дегеле административдик айып пулдар бүгүнкү күндүн талабына жооп берерин же бербестигин инвентаризациялоо керектигин айтты.