Темир Сариев өлкөдөгү коопсуздук чараларын күчөтүү тапшырмасын берди

Өкмөт үйүндө премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында терроризмге каршы коопсуздук чараларына арналган жумушчу жыйын өттү. 17-ноябрда өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, жыйынга Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Улуттук гвардия, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилери катышты.

Жыйынды ачып жатып премьер-министр акыркы учурдагы дүйнөдөгү окуялар коопсуздукка өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын туудуруп, мындай кырдаалда коопсуздук жаатындагы иштерди иретке келтирүү менен жооптуу мамлекеттик органдар ортосундагы координациялык иштерди күчөтүү керектигин билдирди.

“Дүйнөдөгү акыркы окуялар коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл экенин билдирүүдө. Бул боюнча коопсуздук боюнча мамлекеттик органдардын ортосундагы байланышты жана маалымат алмашууну жакшыртуу зарыл. Коопсуздук боюнча негизги милдет Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жүктөлгөн. Бул комитет бардык мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташтыкта инструкциялык маалыматтарды жана түшүндүрүү иштерин жогорку деңгээлде алып барышы керек. Муну менен катар күч органдарынын ар кыл чакырыктарга каршы туруу даярдыгын сынап, биргелешкен машыгууларды өткөрүү зарыл. Биздин күч жана коопсуздук органдары бүгүнкү күндүн ар кыл коркунуч жана чакырыктарына каршы турууга даяр болушу керек”,- деди Темир Сариев.

Темир Сариев өлкөдөгү стратегиялык объекттерге, эл көп топтолгон жайлар жана социалдык объекттердеги коопсуздук чараларын текшерүүдөн өткөрүп, күчөтүү тапшырмасын берди. Ошондой эле жарандар арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү тапшырылды.

Жыйында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлигинин жетекчилиги терроризм жана экстремизмге каршы көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат беришти. Ошондой эле 17-ноябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтчү Кыргыз Республикасы жана Иорданиянын футбол боюнча курама командасынын беттеши учурундагы көрүлгөн коопсуздук чаралар боюнча маалымат угулду.

Премьер-министр Темир Сариев аталган беттеш маалында коопсуздук чараларына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан