Бишкекте жергиликтүү соттордун судьяларынын жардамчыларын окутуу башталды

Бишкекте жергиликтүү соттордун судьяларынын жардамчыларын окутуу жүрүп жатат. Бул тууралуу 17-ноябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин 2012-жылдын 8-августундагы №147-жарлыгын - «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жана «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системин өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программаны иш жүзүнө ашыруу максатында Жогорку Сотко караштуу судьялардын Окуу борбору биринчи инстанциядагы жергиликтүү соттордун судьяларынын жардамчыларын комплекстик окуу программасы боюнча окутууну баштады.

Окууга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын 51 жардамчысы төмөнкү график боюнча катышат: 2015-жылдын 16-20-ноябрында I топ, 23-27-ноябрда II топ. Окутуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борборунда өтөт. Окуу программасынын узактыгы күнүнө 8 академиялык сааттан 5 окуу күнүн түзөт. Окуунун жыйынтыктары боюнча судьялардын жардамчыларына тастыктамалар берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан