Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 16-ноябрдагы отурумунда Кыргыз Республикасынын 2014-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө өкмөттүн отчёту угулду. Жыйынга мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.
Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова текшерүүнүн жыйынтыгында бюджеттик резерв менен жоготуу 7 миллиард 388,6 миллион сомду түзгөнүн билдирди. Ибраимованын билдиришинче, анын ичинде 203,3 миллион сом бюджетке кайра кайтарылууга тийиш болсо, аудит учурунда 108,6 миллион сом ордуна коюлду. Ал эми 137,7 миллион сом боюнча "натыйжалуу пайдаланылган эмес" деген тыянак чыгарылды.
Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын тышкы карыздарынын көлөмү кескин өсүп баратканы, насыя карыздарынын өлчөмү да тең эмес экени белгиленди. Мисалы, 2007-жылдын жыйынтыгында Кытайдын Экспорт-импорт банкына карыз 8,56 миллион сомду же жалпы карыздын 0,4 пайызын гана түзсө, 2014-жылы 1 миллиард 115,9 миллион сомго же жалпы карыздын 32,5 пайызына чейин жеткен. Ал эми 2015-жылы насыя карызынын көлөмү 1,81 миллиард сомго жетери күтүлүүдө.
Комитет мүчөлөрү 2014-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө өкмөттүн отчётун жактырышып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечимине келишти.