Орусиянын президенти Владимир Путин: “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерин учурда 40тай мамлекет каржылоодо, алардын арасында “Чоң жыйырмалыктын” мүчөлөрү да бар",- деп билдирди журналисттерге Түркиядагы "G20" саммитинен кийин. Чет элдик маалымат булактарынын билдиришинче, Путин: “Мен "Ислам мамлекети" тобунун ар кайсы бөлүктөрүн каржылаган тараптарды мисалдар менен айттым. Кесиптештериме космостон, учактан тартылган сүрөттөрдү көрсөттүм. Анда мунайды жана мунай азыктарын мыйзамсыз соодалоонун: ондогон чакырымга созулган автоунаалардын колоннасынын масштабы канчалык экени даана көрүнүп турат",- деди.