24-ноябрдан тартып 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт менен жарандардын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салынат. Мамлекеттик каттоо кызматынан 17-ноябрда билдиришкендей, көрсөтүлгөн күндөн тартып эски үлгүдөгү паспорттор Эл аралык жарандык авиация уюмунун жаңы стандарттарына жооп бербейт. Уюмдун талаптарына ылайык, автоматташтырылган жабдыктар аркылуу гана таанылчу паспорт менен чет өлкөгө учууга уруксат берилет. Ал эми 2004-2006-жылдары берилген паспорттор талапка ылайык келет.
Мамлекеттик каттоо кызматы 60 жаштан өткөн жарандарды эски үлгүдөгү паспортторун алмаштырып алуу үчүн катталган жериндеги паспорт бөлүмдөрүнө кайрылууга чакырды. Учурда мамлекетибизде 3740 адам эски паспорт менен каттоодо турат.