Темир Сариев кыргыз өлкөсүндө инвесторго мыкты шарт түзүү зарылдыгын айтты

“Инвестиция тартуу дегенде бир гана каражатты эмес, жаңы технология, жаңы башкарууга жол ачкан технологияны өлкөгө алып келип жайылтууну түшүнүшүбүз керек. Бул үчүн мамлекетте туруктуулук болуп, мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу зарыл. Ар бир инвестор кыргыз жеринде салган каражатынын коопсуз экенине жана кайтарылышына бекем ишенип, жергиликтүү калк менен жакшы мамиле түзүүсү зарыл”,- деп билдирди бүгүн, 17-ноябрда премьер-министр Темир Сариев.

Өкмөттүн маалымат кызматына таянсак, премьер-министр учурда дүйнөдө өтө чоң атаандаштык бар экенин айтып, мамлекетибиз да өз ордун табышы керектигин билдирди. Сариев кыргыз өлкөсү быйыл бизнес жүргүзүү жеңилдиги боюнча 189 өлкөнүн ичинен 67-орунга түшкөнүн, мүлктү каттоо боюнча 6-орунда, курулушта 20-орунда экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан