Орусия Египетте учактын кыйрашы боюнча так маалымат үчүн 50 миллион доллар убадалады

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Египетте А321 учагын жардырууга катышкан террорист тууралуу так маалымат билдиргендерге 50 миллион доллар берүүнү убадалады. Буга чейин аталган кызматтын жетекчиси Александр Бортников учактын жарылышы теракттын негизинде болгонун айтып: “Учакта колдо жасалган кубаттуу жардыруучу зат болгон. Анын жарылуусунан улам учактын фюзеляж бөлүгүндө тетиктер иштебей, абада калкый баштаган”,- деп маалымдаган эле.

Ал эми Орусия президенти Владимир Путин: “Биз ал террористтерди планетанын кайсы жеринен болсо да таап, жазасын беребиз”,- деп билдирген.

Эскерте кетсек, быйыл 31-октябрда 224 жүргүнчүсү менен Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарынан Санкт-Петербургга сапар тарткан орусиялык А321 учагы Египеттеги Синай жарым аралына кулаган. Кырсыктан аман калгандар болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан