Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде 2015-2016-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшү тууралуу КРнын Өкмөтүнүн маалыматы угулду. Жыйынга вице-премьер-министр Олег Панкратов баштаган өкмөт мүчөлөрү менен мекемелердин жетекчилери катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында «Электр станциялары» ачык акционердик коому 2015-жылдын июль-сентябрь айларында республикалык бюджеттен 1,1 миллиард сом көлөмүндө ссуда алды. Азыр Бишкек ЖЭБинде 271 миң тонна, Ош ЖЭБинде 15 миң тонна мазут бар. Өткөн 10 ай аралыгында 9 миллиард 729 миллион кВт/саат электр кубаты өндүрүлдү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди. «Көп жылдан бери быйыл биринчи жолу кыш мезгилине даярдык чаралары ырааттуу жүргүзүлүп, ортодо үзгүлтүккө учураган жок»,- деп кошумчалады ал.
Ал эми Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев кышка карата Бишкек ЖЭБине 160 миң тонна жергиликтүү көмүр алынып келүүгө тийиш болсо, ушу тапта 11 миң тонна гана көмүр келгенин айтып, өкмөт өкүлдөрүнө абалды тезинен иликтеп чыгуу талабын койду. Аны мекеме жетекчилери жергиликтүү көмүр менен камсыз кылган монополист компаниялар менен көмүр баасы боюнча келише албай жатканы менен түшүндүрдү.
«Кара-Кечеде 3 монополист компания бар. Биз көмүрдүн баасын коюп бергенбиз. Алар аны жогорулатуу талабын коюшууда, бирок ага негиз жок. Биз аларга 18-ноябрга чейин мөөнөт бердик. Эгер айтылган учурда тиешелүү көмүр ташылып келбесе, анда алардын лицензияларын кайра чакыртып алуу чарасын көрөбүз»,- дейт Антимонополия агенттигинин директору Данияр Казаков. Ал жылдын аягына чейин Кара-Кечедеги көмүр кенин комплекстүү иштетүү боюнча тендер жарыялана турганын кошумчалады.
Азыр Токтогул суу сактагычында 15,5 миллиард куб метр суу бар. Бул суу келерки жазга чейин жетеби-жетпейби, аны кыш мезгили көрсөтөт. Ошондон улам электр кубатын коңшу өлкөлөрдөн импорттоо чаралары да караштырылууда. Эгер кыш суук болсо, өкмөт дароо сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштайт. Азырынча импорт кылчу тарап дагы, ала турган электр кубатынын көлөмү да так аныктала элек. Электр наркы да ошого жараша болот.
Жыйынтыгында КРнын Өкмөтүнө 2015-2016-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшүн жакшыртуу жаатында бир катар алгылыктуу сунуштар айтылып, тапшырмалар берилди. Алардын аткарылышы боюнча тиешелүү мекемелер ырааттуу маалымат берип турууга тийиш.