Алмазбек Атамбаев: "Кыргыз киносунун келечеги кең деп терең ишенем"

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-ноябрда Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчынын куттуктоосу:

“Урматтуу кинематография кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз киносунун күнү менен куттуктайм!

Бүгүн жалаң гана кино кызматкерлеринин майрамы эмес, искусствонун эң кызыктуу түрүнүн сүйүүчүлөрүнүн дагы чоң майрамы.

Кыргыз улуттук көркөм кинематографиясынын даңктуу санжырасы 1955-жылы “Мосфильмде” тартылган “Салтанат” көркөм фильминен башталат. 60 жылдын аралыгында кыргыз киносу күндөлүк турмушубузга терең аралашып, улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгүнө айланды.

Кыргыз кинематографиясынын калыптанышына Москва жана Ленинград киномектептеринин чеберлери көп салым кошушту. Алардын көмөгү аркасында материалдык-техникалык база түзүлүп, кыргыз кинематографиясынын улуттук кадрлары даярдалды. Кийинчерээк дал ошол адистер дүйнө элин киноискусстводогу кайталангыс көрүнүш – “кыргыз керемети” тууралуу кеп кылууга мажбур кылды. Белгилүү киноактёрлор Муратбек Рыскулов, Болот Бейшеналиев, Сүймөнкул Чокморов, Даркүл Күйүкова, Таттыбүбү Турсунбаева, Сабира Күмүшалиева, Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов жана башка чеберлер ошол “кыргыз кереметинин” символдоруна айланышты.

Элибиз Мелис Убукеев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Альгимантас Видугирис жана башка чыгаан режиссёрлор менен сыймыктанат. Алардын катарында быйыл 80 жылдык мааракеси белгиленип жаткан СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси Төлөмүш Океев өзгөчө орунду ээлейт.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов дагы кыргыз кинематографиясынын өнүгүшүнө зор салым кошуп кетти. Анын чыгармалары керемет кинофильмдердин тартылышына түрткү берип, ал тасмалар улуттук кинонун алтын фондуна кирип калды.

Өткөн жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасында кинооператорлордун мектеби калыптанып, алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Кадыржан Кыдыралиев менен Кыргыз Республикасынын Искусствого эмгек сиңирген ишмери Манас Мусаев кыйла ийгиликтерге жетишти.

Кыргыз мамлекетинин таланттуу кинематографисттери өздөрүнүн фильмдери аркылуу кыргыз элинин салт-санаасын, чалкыган бай руханий маданиятын дүйнөгө даңазалай алышты. Кино дүйнөсүндө өз өлкөсүнүн, тоо койнундагы эр көкүрөк элинин кайталангыс образын түзүүгө жетишти.

Учурда биз кыргыз киносу кайрадан жанданып, улам бийик серени карай көтөрүлүп баратканына күбөбүз. Улуу муундагы режиссёрлор, сценаристтер жана артисттер калыптандырып кеткен жакшы салттарга таянып, кинематографисттердин жаңы мууну өсүп келе жатат. Деми күчтүү жаш муун улуттук кино өнөрүнүн туусун бийик көкөлөтүүгө умтулууда.

Кыргыз киносунун келечеги кең деп терең ишенем. Элибиз кино чеберлеринен пейилди оңдоого, жаратман эмгекке, жакшылыкка жана адилеттүүлүккө чакырган мыкты тасмаларды күтөт. “Кыргыз кереметинин” көрөңгөлүү саамалыктары татыктуу улантылат деген үмүттөбүз.

Баарыңыздарга чың ден соолук, бак-таалай жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Мамлекетибиз тынчтыкта гүлдөп-өнүгө берсин!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан