Жалал-Абад облусунда УКМКнын атына жамынган жалган кызматкерлер иштеп жүргөнү белгилүү болду

Жалал-Абад облусунда өздөрүн "УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүбүз" деп тааныштырып, бир катар бюджеттик жана жеке менчик мекемелерге мыйзамсыз текшерүү жүргүзүп келген топтун иши ачыкка чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Жалган атка жамынып жүргөндөр “Коррупцияга каршы элдик көзөмөл” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Ж.Пазылов, Б.Кыргызбаев, К.Кыргызбаев, А.Өскөнбаев жана В.Дүйшөналиева экендиги белгилүү болду. Алар 2012-жылы "Жалал-Абад суу канал" ишканасынан мыйзамсыз түрдө акча өндүрүп алышкан. Бул факты боюнча учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканы кабарланды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан