* Мындан 13 жыл мурун, 2002-жылы актёр Болот Бейшеналиев 64 жаш курагында жүрөк оорусунан каза болгон.
Болот Бейшеналиев 1937-жылы 25-июнда Чүй облусундагы Кемин районунун Калмак-Ашуу айылында төрөлгөн. Опера жана балет театрынын алдындагы студияны аяктап, андан кийин Ташкенттеги театралдык институттан билим алган.
Алгачкы ролун "Тайгак кечүү" фильминде жараткан. Ушул фильмден кийин эле "Биринчи мугалим" тасмасы экрандаштырылып, Болот Бейшеналиевге мугалим Дүйшөндүн ролу берилген. Кыргыз фильмдеринде: "Ак Мөөрдө" Болоттун, "Саманчынын жолунда" Касымдын, "Отко таазимде" Азизовдун, "Жамийлада" сүрөтчүнүн ролун аткарган.
Орто Азия боюнча Болот Бейшеналиев жүздөн ашык кинотасмага тартылып, "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы жана казактардын "Алтын көпүрө" сыйлыгы, Ардак грамоталар менен сыйланган.
* Мындан 145 жыл мурун, 1870-жылы Франциянын Тур жана Париж шаарларын байланыштырган көгүчкөндөрдүн расмий кат ташуу каттамы ачылган. Бул кат ташуу ыкмасы илгертеден бери актуалдуу болгон. Көгүчкөндөр алыстан болсо да өз уясына кайтып келүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болушкан.
* Мындан 88 жыл мурун, 1927-жылы советтик жана орусиялык кинорежиссёр, сценарист, актёр, педагог, жазуучу, акын, драматург, продюсер Эльдар Рязанов Самарада туулган.
Эльдар Рязанов бала чагынан китеп окуп, саякат жөнүндө кыялданган. Кокустан Рязанов С.И.Герасимов атындагы Бүткүл орусиялык кинематография университетине тапшырып калат. 1950-жылы "Алар Москвада окушат" аттуу дипломдук иши менен университетти аяктап, көптөгөн документалдуу тасмаларды тарткан.
1955-жылы "Мосфильм" киностудиясынын режиссёру болуп дайындалып, "Жазгы үндөр" аттуу ревю-тасмасын койгон. Бир жылдан кийин "Карнавал түнү" кинокомедиясын тартып, бул тасма ийгиликтүү болгон. Рязановдун "Италиялыктардын Орусиядагы укмуштуудай окуялары", "Арыз китебин бергиле", "Унаадан сак бол", "Тагдырдын тамашасы, же жеңил парың менен!", "Кызматтагы роман" аттуу тасмалары ийгиликтүү болгон.
* Мындан 28 жыл мурун, 1987-жылы Лондон метрополитенинин Кингс-Кросс станциясында кечки саат 19:30дарда өрт чыгып, 30 кишинин өмүрүн алып кеткен. Өрткө жүргүнчүлөрдүн шалаакылыгы жана эскалатордун канааттандырарлык эмес абалы себеп болгон.
18-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.