Кыргыз футболчулары Иорданияны 1:0 эсебинде утушту!

21:52. Футбол боюнча Кыргыз Республикасы - Иордания командаларынын беттеши аяктады. Кыргыз курамасы атаандашты 1:0 эсебинде утту. Жеңишти күйөрмандар зор кубануу менен тосуп алышты.

21:48. 2-таймдын негизги убактысы аяктады. Оюнга кошумча 4 мүнөт убакыт кошулду.

21:45. Кыргыз курамасынын оюнчусу Виктор Майер жаракат алып, оюндан четтетилди. Аны дарыгерлер аянттан алып кетишти. Анын ордуна оюнга Курсанбек Шератов кошулду.

21:44. Эсеп өзгөрө элек, 1:0. Улуттук курама команда алдыда. Гол киргизүүгө бир топ мүмкүнчүлүк түзүлдү, бирок жыйынтык болбой калды.

21:32. Эки командада тең айрым оюнчулар алмашышты. Кыргыз курамасында Павел Сидоренконун ордуна Фархат Мусабеков кирди.

21:21. Кыргыз курамасы улам-улам чабуул уюштуруп, атаандаштардын шаштысын кетирүүдө.

21:13. Оюн жандуу, жогорку ылдамдыкта уланууда. Биринчи голдон кийин кыргыз оюнчулары кадимкидей жандана түшүштү.

21:09. Алгачкы голдун автору Антон Землянухин жеңил жаракат алды.

21:05. Кыргыз оюнчулары 1-голду киргизишти! Голдун автору - Антон Землянухин.

21:03. Оюндун 2-таймы старт алды. "Чү" дегенде эле кыргыз оюнчулары кооптуу абал жаратышты.

20:54. Футболчулар 15 мүнөттүк эс алууда. 1-таймда чабуулчу Виталий Люкстун тепкен тобун иорданиялык коргоочулар тосуп калышты. Бул оюндагы эң кооптуу абал болду.

20:48. Беттештин 1-таймы бүттү. Эсеп 0:0.

20:46. Оюнга кошумча 2 мүнөт берилди. Күйөрмандар кыргыз командасынын ар бир чабуулун кыйкырык менен сүрөп жатышат.

20:37. Кыргыз оюнчулары кезектеги кооптуу абалды жаратышты. Аз гана тоскоолдук топтун дарбазага киришине бөгөт койду.

20:31. Кыргыз футболчулары ыкчам гол жаратуу аракетин көрүшүүдө. Алар арты-артынан бир катар чабуулдарды уюштуруп, азырынча гол жарата албай жатышат.

20:26. Кыргыз командасынын дарбазасына аз жерден гол кирип кете жаздады.

20:23. Оюн талаасында топко ээлик кылуу жана кооптуу абал жаратуу боюнча кыргыз футболчулары активдүүлүк көрсөтүшүүдө. Бир нече чабуул жасалды, азырынча эсеп 0:0.

20:15. Иорданиянын оюнчулары каршы чабуул уюштуруп, бирок гол жарата алышкан жок. Кыргыз курамасынын коргоочулары ордунда болуп чыкты.

20:07. Кыргыз курамасы биринчи жолу бурчтан топ чыгарып берүү мүмкүнчүлүгүн колдонду. Гол киргизе алышкан жок.

20:05. Күйөрмандар стадиондун 80 пайызын ээлешти. Мурунку оюндарга салыштырмалуу эл аз. Дарбазанын арт жагында да бир топ орун бош турат.

20:01. Оюн старт алды.

Стадиондо оюн алдында Парижде терактта каза тапкандарды 1 мүнөттүк эскерүү болду. Буга чейин Кыргыз Республикасы менен Иорданиянын футболчулары оюн талаасына чыгышып, өлкөлөрдүн гимни аткарылган жана кыргыз оюнчулары оюн алдында жеңил машыгуу өткөрүшкөн. Дарбазага топ тебишти, бири-бирине топ узатышты, чуркашкан.

Кыргыз футболчуларынын Иорданияга каршы беттешине карата башкы курам:
Дарбазачы: Павел Матяш.
Коргоочулар: Валерий Кичин, Тамерлан Козубаев, Виктор Майер, Азамат Байматов.
Жарым коргоочулар: Павел Сидоренко, Бактияр Дүйшөбеков, Эдгар Бернхард.
Чабуулчулар: Мирлан Мурзаев, Виталий Люкс, Антон Землянухин.


кошулду
Кыргызстан-Иордания беттеши 1:0 эсебинде аяктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (199)
nasirdin
2015-11-17 22:02:44
Футбол укмуш болду Кыргызстан алга ураааааа.
+8
Alixan-Nookat.2015
2015-11-17 22:07:09
Азаматсынар оюн бутконго чейин журоктун согушу секундасына 1000000000 согуп калдыго. Бутту деген белги берилгенде озумо келдим суйунуп.
+7
Kanat8427
2015-11-17 22:10:43
Азаматсынар. алга
+6
EAmirbek
2015-11-17 22:21:12
Азаматсынар, дагы дагы жеништерди кутобуз
+5
nelya88
2015-11-17 22:24:45
Женишинер кут болсун!Конокторду ызы-чуусу жок эле узаткыла эми.. Дагы федерацияга штраф салып кууратпасын.
+4
Bolo2
2015-11-17 22:24:57
Эн жакшы ойношту, айрыкча Байматов чыныгы. Коргоочуу экен айрыкча башы
+6
pepew95.
2015-11-17 22:32:53
Угуп алып аябай суйунуп жатам азаматтар ....ийгилик ийгилик жана дагы ийгилик
+5
Zarema94
2015-11-17 22:39:33
Байматов Азамат, биздин "ШУМКАРЛАР"-АЗАМАТ! Стадиондо кыйкыра берип унум бутуп калды). Баардыгыныздарды куттуктайм!
+4
AFFANCULO
2015-11-17 22:57:26
Урааа кубанычтамын!!!Кайдагы фашист,чыккынчылар пайда болуп калышкан?Иордания деп?!
+3
dastanbik
2015-11-17 23:19:45
AFFANCULO,fashist, chykkynchy emesmin, bukmekerge akcha koigom. oshol ele
-4
AFFANCULO
2015-11-18 00:02:23
dastanbik,аа байкуш,акчаң го эми кетти.жок дегенде сүйнүп атасыңбы Кыргызстан үчүн?Мындан кийин андай азарттарга берилбей жүр))
+4
Strong.boy
2015-11-18 01:36:26
dastanbik, ХХХ ХХХ ХХХ...
+3
admin_portal
2015-11-18 12:31:47
Strong.boy - эскертүү!
Ар бир колдонуучу порталдын эрежелеринин негизинде өз ой-пикирин жазганга укуктуу. Жеке айтышууларга тыюу салынат.
-1
Kai
2015-11-17 22:58:17
Гоооооол. Кыргызстан алгаааа! Куттуктайм туугандар.
+5
dastanbik
2015-11-17 23:20:13
Kai,Iordaniaaaaaaa algaaa ))))
-6
azim2
2015-11-18 00:00:36
Кыргызстан Алга!!!
+2
enka
2015-11-18 00:13:08
Кыргызстан Алга))
+2
AFFANCULO
2015-11-18 02:25:17
Дома и стены помогают))
0
insap
2015-11-18 08:25:06
Азаматтар! Мындан мурда кандай болсо да,бүгүн өз үйүндө тигиндей күчтүү команданы жеңгени зор жетишкендик болду. Кыргыз бут тобунун болочогу огобетер жаркысын!
+1
ereka
2015-11-18 21:23:02
Эхх, откондо Австралияны женгенибизде, азыр 1-орунда биз болмок экенбиз деп кыялданып койдум.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан