Бүгүн, 17-ноябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Азия чөлкөмү боюнча "В" тайпасында 2 оюн өтөрү пландалган. Алгачкы беттеште Австралия курамасы конокто Бангладеш менен ойноп жатат. Учурда оюндун алгачкы таймы аяктады. Эсеп 0:4. Австралия курамасынан Тим Кэхилл 3 гол жаратты. Төртүнчү голду команда лидери Миле Единак киргизди. Бул жыйынтык менен Австралия курамасы учурда тайпада лидерликке көтөрүлдү.
Кошумчалай кетсек, тайпадагы дагы бир оюн бүгүн Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Анда кыргыз футболчулары Иордания курамасына каршы турушат. Эгер Иордания упай жогото турган болсо, австралиялыктар 1-орунду сактап калышмакчы.