18-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз жаан, кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдору тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 14 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +11°C, түнкүсүн -5°C
Талас облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн -3°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +13°C, түнкүсүн -4°C
Баткен облусу. Күндүз +11°C, түнкүсүн -3°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -5°C
Нарын облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -7°C
Бишкек шаары. Күндүз +10°C, түнкүсүн -3°C