Тармактык комитетте мурдагы Энергетика жана өнөр жай министрлигинин ордуна Улуттук энергетикалык холдинг түзүү демилгеси каралды

17-ноябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде “Кыргыз Республикасындагы Улуттук холдинг компаниялары жөнүндө” КРнын мыйзамына жана “Акционердик коомдор жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Экономика жана өнөр жай министринин орун басары Данияр Иманалиевдин маалыматына караганда, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин базасында Улуттук энергетикалык холдинг түзүү планы иштелип чыкты. Ага ылайык, холдингди уюштуруу жана анын укуктук базасын түзүү иштери 2016-жылдын 1-январына карай аякташ керек. Ошондон улам бир катар улуттук мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыккан.

"Энергетика стратегиялык тармак болуп саналат. Ал мамлекеттик көзөмөлдө болууга тийиш. Холдинг өлкөнүн энергетикалык тармагын башкаруу жана аны андан ары өнүктүрүү боюнча жалгыз оператор болуу менен бул тармакта мурдатан орун алып келген коррупциялык иштерге бөгөт болот. Ошондой эле анын алкагындагы ири долбоорлордун ыкчам ишке ашырылуусуна түрткү берип, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун арттырат",- дейт Иманалиев.

Жыйын жүрүшүндө Улуттук энергетикалык холдингдин Директорлор кеңешинин курамы 9 адамдан турары белгилүү болду. Анын ичинде 4 адам саясий мамлекеттик кызматтагы адамдардан, дагы 3 адам акционерлердин кызыкчылыгын коргогон мамлекеттен тышкары кызматкерлерден, ал эми калган 2 адам көз карандысыз мамлекеттик кызматкерлерден шайланат. Ушундай эле холдингдер транспорт, тоо-кен, каржы кызматын көрсөтүү тармактарында да түзүлүшү мүмкүн.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. Комитет мыйзам долбоору парламентте каралганга чейин айрым жоболорду дагы бир ирет тактап чыгуу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, жаңыдан түзүлгөн өкмөттүн түзүмүндө Энергетика жана өнөр жай министрлиги жоюлуп, энергетика тармагын бирдиктүү бир мекемеге топтоо демилгеси каралган. Мурда өлкөнүн энергетика тармагынын жалпы акцияларынын 80 пайызы мамлекетке, 13 пайызы Социалдык фондго, калганы миноритардык акционерлерге таандык болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан