Кыргыз Республикасы менен Өнүктүрүү банкынын ортосундагы биргеликте ишке ашырылчу долбоорлордун келечеги талкууланды

17-ноябрда премьер-министр Темир Сариев Евразия Өнүктүрүү банкынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн директору Андрей Широковду кабыл алды.

Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, жолугушууда Евразия Өнүктүрүү банкы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы биргеликте ишке ашырылчу долбоорлордун келечеги талкууланды.

Темир Сариев Евразия Өнүктүрүү банкынын каржылоосу каралган Токтогул ГЭСин модернизациялоонун экинчи фазасын каржылоого 100 миллион доллар жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүүгө 100 миллион доллар бөлүү маанилүү экенин белгилеп, аталган долбоорлорду өз убагында каржылоо зарылдыгын билдирди.

Өз кезегинде Широков аталган долбоорлорду каржылоо боюнча иштер активдүү жүрүп жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан