Темир Сариев: "Биздин футболчулар мыкты оюн көрсөтүштү"

“Бүгүн силер мыкты жана кызыктуу оюн көрсөттүңөр. Оюнду баарыбыз толкундануу жана сыймыктануу менен көрдүк. Жеңиш менен куттуктайм!”- деди премьер-министр Темир Сариев өлкөбүздүн футбол боюнча улуттук курамасынын оюнчуларына.

Өкмөт жетекчиси улуттук кураманы колдоо зарылдыгын белгилесе, футболчулар премьер-министр баштаган бардык күйөрмандарга ыраазычылык билдиришти.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү 2018-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу этабынын алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргыз Республикасы жана Иорданиянын футбол боюнча курама командаларынын оюнун көрүп, улуттук курамага күйөрмандык кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан