Башкы прокурор Индира Жолдубаева Сочи шаарында Борбордук жана Чыгыш Европа жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча Прокурорлордун эл аралык ассоциациясынын 7-эл аралык конференциясына катышты. Мекемеден 18-ноябрда билдиришкендей, жыйында терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө прокуратура органдарынын өз ара аракеттенишүүсүн жана кызматташуусун бекемдөө маселеси талкуулады.
Жолдубаева "Терроризм жана экстремизм менен күрөшүүгө прокурорлордун катышуусундагы улуттук тажрыйба" деген темада баяндама жасаганы, конференциянын алкагында Прокурорлордун эл аралык ассоциациясынын башкы катчысы жана Сауд Арабиясынын башкы прокурору менен жолугушканы айтылды.
Жыйынтыгында прокуратура тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөнү макулдашышты.