Жогорку Кеңештин 2015-2016-жылдарга карата сессиялык планы бекитилди

Жогорку Кеңештин бүгүн, 18-ноябрда өтүп жаткан жыйынында VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин 2015-2016-жылдарга карата сессиялык иш планы каралды.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Галина Скрипкинанын айтымында, сессия ичинде кыргыз парламентинде карала турган маселелердин тизмеги бардык тармактык комитеттер менен макулдашылган, алардан келип түшкөн сунуштардын баары эске алынды.

Өткөн чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан каралган 17 мыйзам долбоору калганы, алар депутаттарга таратылып берилгени да белгилүү болду. Ал маселелер боюнча депутаттар өз ойлорун билдирүүгө тийиш. Анан ошого жараша чечим кабыл алынмакчы.

Жыйынтыгында “VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-2016-жылдардагы ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан