Депутаттар "үйүндө телевизор же муздаткычы бар жарандар жөлөк пул ала албай жатышат" дешти

Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 3-окууда талкууланып жатат. Жыйында депутат Төрөбай Зулпукаров жөлөк пул алууда жарандардын ортосунда теңсиздик орун алып жатканын айтты. Депутат Анвар Артыков жөлөк пул алууга муктаж жарандын үйүндө телевизор же муздаткыч бар болсо, ал жөлөк пул ала албай калып жатканын билдирди. Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Артыковдун айтканын четке какты. Анын билдиришинче, жарандын унаасы же 25тен ашык кою бар болсо, жөлөк пул албайт. "Ал эми телевизор же муздаткычы бар жарандар 2008-жылдан бери
жөлөк пул алып келе жатышат",
- деди Базарбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан