Депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда жарандарга жөлөк пул берүүнү электрондук форматка өткөрүүнү сунуштады. Анын айтымында, жөлөк пул жакыр жашаган үй-бүлөгө эмес, бай үй-бүлөгө берилип кетип жатат. "Өкмөт биометриканы колдонуп, наристе төрөт үйүндө жатканда эле ага жөлөк пул чегерилерин аныктап алышы керек. Ким жөлөк пул ала турганы ошондо ачыкка чыгат",- деди Бакиров.
Депутаттын бул сунушун Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков да колдоого алып, өкмөт бул сунушту карап чыгышы керектигин белгиледи. "Жакшы сунуш берилди. Өкмөт бул жол аркылуу ачык-айкындуулукка жетишет. Айылдарга барганда жөнөкөй жарандар да ушуну айтып, даттанып жатышат. "Мына бул адамдын мынча баласы бар, бирок жөлөк пул албайт" дешүүдө. Ошондой эле "ким канча жөлөк пул алып, ким албай жатканын айыл башчы үйүнүн алдына илип койсун" деген сунуш беришти",- деди Жээнбеков.