Кыргыз мамлекетинде карылардын жашоосун жакшыртууга багытталган улуттук программа иштелип чыгат

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Карылык боюнча улуттук программанын даярдалышын БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин өкүлү Олег Сережин менен талкуулады.

Министрликтен 18-ноябрда билдиришкендей, Сережин: "Бүгүнкү күндө дүйнөдө эки актуалдуу тема бар - карылык жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын саламаттыгы. Адамдар узак жашашууда, ага ылайык, жашоонун сапатына карата улуу муун үчүн жаңы талаптар жаралды",- деп билдирди.

Базарбаев карылык боюнча улуттук программаны иштеп чыгууга жумушчу топ түзүлгөнүн айтты. "Бул мамлекетибиздеги аталган багыт боюнча биринчи документ болот. Биз карыларды гана эмес, жаштарды да карашыбыз керек. Программа аткарылыш үчүн документ реалдуу болушу шарт",- дейт министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан