Бишкекте 19-ноябрда мыйзамсыз миграция менен күрөшүүдөгү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин тийиштүү органдарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өтөт.
Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын билдиришинче, жыйынга Орусия, Армения, Беларусь, Казакстан жана Тажикстандын миграция тармагын караган мекемелеринин жетекчилери келишип, көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулашат. Миграциялык саясатты түзүү системинде миграциялык статистиканы пайдалануудагы ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тажрыйбасы ортого салынат. Жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынмакчы.
Мындай жыйын кийинки жолу 2016-жылдын февралында Беларуста өтөрү айтылды.