"Айыл чарбасын каржылоо-3" долбоорунун алкагында жыл башынан бери фермерлерге 3 миллиард 510 миллион сом насыя берилди. Мал чарбачылыгына 2 миллиард 794 миллион сом, кайра иштетүүгө, үрөн, асыл тукум жана айыл чарба кооперативдерине 369 миллион 440 миң сом, багбанчылыкка 347 миллион 123 миң сом берилди. Көрсөтүлгөн мезгилде долбоорду субсидиялоого республикалык бюджеттен 252 миллион 200 миң сом сарпталганын билдирет Каржы министрлиги.