Жогорку Сотко караштуу судьялардын Окуу борбору сот, прокурор жана адвокаттарга атайын семинар өтүүдө. Жогорку Соттон билдиришкендей, семинардын темасы: "Акчалардын изин жашыруу жана террорчулукту каржылоо менен күрөшүүнүн эл аралык, европалык жана улуттук стандарттары жана тажрыйбасы".
"Иш-чаранын лекторлору – трибунал судьясы жана шаардык соттун акчалардын изин жашыруу жана террорчулукту каржылоо иштерин караган эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси Виктор Валдаш (Венгрия), Жогорку Соттун судьясы Арзыбек Акыев, өкмөткө караштуу Каржылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын террорчулукту жана экстремизмди каржылоого каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Мелис Карымшаков жана башкалар",- деп айтылат маалыматта.