Ар бир министрлик 2016-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 1-3 долбоорду ишке ашырышы керектиги айтылды

Ар бир министрликтин жана мекеменин башчысы 2016-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 1-3 долбоорду ишке ашырышы керек. Муну вице-премьер-министр Олег Панкратов 18-ноябрда "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы талкууланган жыйында билдирди.

"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча жакында ишке ашыруубуз керек болгон бир катар кызыктуу долбоорлор бар. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк инфраструктуралык мүнөздөгү көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берерин, келечектүү экенин дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүүдө",- деп билдирди Панкратов.

Бул жааттагы долбоорлорду ишке ашырууга бирден кызматкер бекитүү тапшырмасы ар бир министрлик менен мекемелерге берилгенин өкмөттөн билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан