Жогорку Кеңеш "Табигый дарылык ресурстар, дарылоочу, ден соолук чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" мыйзам долбоорун 2-окууда карады

"Табигый дарылык ресурстар, дарылоочу, ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 2-окууда карады. Мыйзамдын долбоору менен аракеттеги мыйзамдын бир катар жоболорун "Жер казынасы жөнүндө" жана "лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамдарына ылайык келтирүү сунушталып жатат.

Талкууда "Мыйзам долбоору менен курорттук аймактардагы жерлер менчикке өтүп кетпейби?" деген кооптонуулар айтылды. Депутат Акылбек Жапаров "бул мыйзам долбоорун мындай түзөтүүлөр менен колдоого болбойт" деген оюн билдирди. Ал өзгөчө корголуучу жерлерде курорт уюштурулуп, жарандардын эс алуусу шартталып келгендигин эске салды. Бир катар эл өкүлдөрү “өзгөчө корголуучу жерлер” деген түшүнүктү мыйзамда калтыруу керектигин белгилешти. Депутат Садык Шер-Нияздын айтымында, “өзгөчө корголуучу жерлер” деген түшүнүк Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин корутундусу менен калтырылган. Бир катар эл өкүлдөрү сунушталган мыйзам долбоорун тараптардын катышуусунда кеңири талкууга алууну сунуштады.

Жалпы жыйында мыйзам долбоору боюнча бир катар суроолуу жагдайлар чыккандыгына байланыштуу мыйзам долбоору тармактык комитетте тараптардын катышуусунда кеңири талкууга алуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан