Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинде системдүү коррупцияны жоюуга багытталган иштердин аткарылышына мониторинг жүргүздү.
Жумушчу топ "Айдоочулук курамды тестирлөө" автоматташтырылган маалыматтык системин киргизүү ишин жогору баалады. "Аталган систем айдоочулук күбөлүктү алууда сынак тапшырууну, кабыл алууну ишке ашырат. Эми курсанттарды автомектепке каттоо интернет боюнча жүргүзүлөт, коррупциялык тобокелчиликтерди жоготот. Сынакта аралаш суроолордун ичинен тандалып алынган 10 суроого берилген жооптор Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментине гана эмес, "Инфоком" мамлекеттик ишканасына да жөнөтүлөт. Муну менен аталган департаменттин жооптуу кызматкерлеринин тестирлөөнүн жыйынтыгын бурмалоосуна техникалык мүмкүнчүлүк берилбейт",- деп айтылат маалыматта.
Коррупцияга каршы күрөшүүдө департаменттин алдына коюлган иштердин көбүн аткарбаганы белгиленип, мекемеге "канааттандырарлык эмес" деген баа берилди.