18-ноябрда премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы астында өкмөткө караштуу Регулятивдик реформа боюнча кеңештин жыйыны өтүүдө.
Премьер-министр өкмөттүн жаңы курамы бекитилип, ишке кирип жатканын белгилеп: "3 күндүн ичинде парламент өкмөттүн курамын бекитип бергени өлкөдө туруктуулук бар экендигинен кабар берет",- деди. Ошондой эле өкмөт "Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" программасын иштеп чыкканын кошумчалап өттү. Т.Сариев: "Мыйзамдуулук ар кайсы убакта кабыл алынып, анын алдына ар кандай тапшырмалар коюлган. А.Акаев, К.Бакиев учурунда да өзгөрүүгө кабылган. 2010-жылы да өзгөрдү",- деди.
Өкмөт башчы жыйында буга чейин бекитилген 2015-жылга карата мамлекеттик органдардын иш планынын аткарылышы, ишкердүүлүктү жөнгө салуучу КРнын ченемдик-укуктук актыларынын жана аларды баалоо критерийлери караларын айтты.