“Бир дагы үй-бүлө, бир дагы жаран үй-жайсыз көчөдө калбашы керек",- деп билдирди өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов. Министр мындай пикирин бүгүн, 18-ноябрда ыкчам топторду түзүп, жер титирөө болгон аймактарга жөнөтүү учурунда айтты.
Ыкчам топтор министрликтин борбордук аппаратынан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан, ӨКМнын мониторинг департаментинен жана шаардык, облустук, райондук башкармалыктары менен бөлүмдөрүнөн түзүлдү. Боронов иштеп жаткан ыкчам топтор менен жарандык коргонуу комиссияларына кырсыктын кесепеттерин тыкыр иликтеп, турак жайлары жабыр тарткан жарандарга тез арада мыйзам чегинде жардам көрсөтүү тапшырмасын койгон. "Жергиликтүү бийликтер менен биргеликте убактылуу жашоо үчүн шарттарды түзүп бергиле. Жарандардан келип түшкөн ар бир арыз кароосуз калбашы керек”,- деди министр.