Темир Сариев регулятивдик реформанын алкагында сапатсыз анализ жүргүзгөн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө эскертүү берди

Бүгүн, 18-ноябрда премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы астында өкмөткө караштуу Регулятивдик реформа боюнча кеңештин жыйыны өтүүдө. Күн тартибине ылайык, экономика министри Арзыбек Кожошев нормативдик актылардын тиркемелерине анализ жүргүзгөн министрликтердин ишинин жыйынтыгына токтолду. Анализ жүргүзүүгө мамлекеттик органдар катышкан.

Өкмөт башчы анализди сапатсыз жасаган Байланыш агенттиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө эскертүү берди. Сапатсыз жасалган анализ боюнча өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары: "Анализди статс-катчы жасаган. Менин маалыматым жок экен. Ал жумуш боюнча Беларуста жүрөт",- деди.

Өкмөт башчы: "Сиз министрдин орун басарысыз. Эмнеге жыйынга даярданбай келдиңиз? Саламаттыкты сактоо министрлигинин анализинин 39 пайызы сапатсыз. Силерде жумуштан кеткен кызматкерлер боюнча азыр кадр маселесин чечебизби? Силерге 15-декабрга чейин мөөнөт берилет. Биз жыл жыйынтыгын чыгарып, чечим кабыл алабыз, чара көрөбүз. Көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин нормативдик актылардын аткарылышы боюнча анализди бүтүргүлө. Нормативдик актылардын анализдери веб-сайтка жарыялансын. Бизнес ассоциациясынын өкүлдөрү ал жактан маалымат алып турушу керек",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан