Өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу агенттигинин мурунку башчысы Нурбек Элебаев кызматтан алынышына нааразы. Бул тууралуу Элебаев өзү бүгүн, 18-ноябрда билдирди.
"Менин отставкам боюнча премьер-министрдин кечээ чыгарган буйругунун себеби мага, мени менен иштеген жамаатка да түшүнүксүз. Былтыр ноябрда Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу агенттигин түзүүгө жеке менин салымым зор.
Жыл ичинде мен жетектеген мекеме тарабынан тармакты реформалоо боюнча олуттуу иштер башталган. Аларды улантуу керек. Менин ордума жаңы дайындалган жетекчи ишти дароо улантып кете албайт, үзгүлтүккө учурашы мүмкүн",- дейт Элебаев.